Редакцияот 14.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги (кезексиз) XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 14-мартындагы № 18-7

 

Айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондун жерлеринин баштапкы баасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын,жетинчи маселеси боюнча экономист-статисти Давлаталы уулу Жумабектин кайрылуусу менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл аймагына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы баасын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

.

2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы баасын тизмеге ылайык аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы :

 

Э.Исманов