Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги(кезексиз) XVIII сессиясы
2023-жылдын 14-мартындагы № 18-4
Кажар айылынын тургуну Аширбекова Караматтин кайрылуусу жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын, төртүнчү маселеси боюнча Кажар айылынын тургуну Аширбекова Караматтин ”Бай түшүм” тобунун кайрылуусу менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кажар айылынын тургуну Аширбекова Караматтин “Бай түшүм” тобуна имаратка керектүү инвентар алуусуна жергиликтүү бюджетинин эсебинен 50000 (элүу миң)сом ажыратууга макулдук берилсин.
.
2. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен 50000(элүү миң)сом акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы : |
| Э.Исманов |