Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XVIII - сессия
2019-жылдын 16-майы № 65 / VII – XVIII - 3
Жаран Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынын, Жеңиш кварталынын №9 үйүнүн 14-батиринин жашоочусу Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин 2019-жылдын 14-март айындагы №734 ишеним каттын негизинде 2019-жылдын 14-май айындагы “Жарандарга тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан, 0,8 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке а.шыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынын, Жеңиш кварталынын №9 үйүнүн 14-батиринин жашоочусу Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин 2019-жылдын 14-март айындагы №734 ишеним каттын негизинде 2019-жылдын 14-май айындагы “Жарандарга тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан, 0,8 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Омурбеков Сатарбекке жана Омурбекова Канымга, мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы кайрак жердин ордуна берилген 0,8 гектар сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Омурбеков Сатарбекке жана Омурбекова Канымга жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 0,8 гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |