Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XVIII - сессия
2019-жылдын 16-майы № 66 / VII – XVIII - 4
Жаран Сыргатаев Асанбектин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Эфиронос айылынын, Степная көчөсүнүн №21 үйүнүн тургуну Сыргатаев Асанбектин 2019-жылдын 15-май айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, мурдатан колдонуп жүргөн, 2,34 гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке а.шыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Эфиронос айылынын, Степная көчөсүнүн №21 үйүнүн тургуну Сыргатаев Асанбектин 2019-жылдын 15-май айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, мурдатан колдонуп жүргөн, 2,34 гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Сыргатаева Венера Асанбековнага жана Сыргатаев Таалайбек Асанбековичке мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 2,34 гектар, анын ичинен 1,28 гектар сугат жана 1,06 гектар кайрак үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Сыргатаева Венера Асанбековнага жана Сыргатаев Таалайбек Асанбековичке мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 2,34 гектар, анын ичинен 1,28 гектар сугат жана 1,06 гектар кайрак үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |