Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XIX - сессия
2019-жылдын 4-июну № 68 / VII – XIX - 1
“Алтын Жар” ЖЧКсынын алтын кенин иштетүү боюнча арызын кароо
“Алтын Жар” ЖЧКсынын 2019-жылдын 29-май айындагы чыгыш №29-1/05/19 “Суусамыр өрөөнүндөгү Токойлу кен чыккан жерин иштетүү жөнүндөгү арызын карап, казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу жөнүндөгү №2697 АЕ лицензиясынын негизинде жана айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугуна ылайык, Орто айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. “Алтын Жар” ЖЧКсына Суусамыр өрөөнүндөгү Токойлу жайытында алтын кенин казууга уруксат берилсин.
2. Алтын кенин казууда жер кыртыштары бузулбоо керек жана иштин аягында рекультивация иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү элдерге экологиялык зыяны тийбесин.
3. Экономиканы көтөрүү боюнча жардам көрсөтүү талаптары, социалдык пакеттин суммасы 1 000 000 (Бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Экономиканы көтөрүү талаптары, социалдык пакет үч транш аркылуу толугу менен аткарылсын жана жыл сайын келишим жаңыртылып түзүлсүн.
5. Алтынды казууну көзөмөлгө алуу үчүн айылдык кеңештин үч депутатынан комиссия курамы түзүлсүн.
6. “Алтын Жар” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.У.Арыковго жүктөлсүн жана экономикалык өнүгүү жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Б.Ильясов тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |