КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 13/3
Кара-Жыгач айыл аймагындагы №7 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жана жайгашкан жер аянтын баланска алуу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл аймагындагы 4 627 300 ( төрт миллион алты жүз жыйырма жети миң үч жүз ) сомдук №7 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жана жайгашкан жер аянты айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: |
| А.Назарбеков |