Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 13/2

 

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги 13- сессиясы токтом кылат:

 

1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин жана №1 тиркемеге (тиркеме 1 баракта) ылайык бөлүштүрүлсүн

2. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерге отургузуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.

3. Жергиликтүү бюджеттеги өзгөртүүлөрү тууралуу айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жылына эки жолу билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ш.Кайыповго милдеттендирилсин.

4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

 

Төрага:

 

А.Назарбеков

 

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө бөлүштүрүлгөн акча каражатынын тизмеси

Тиркеме №1

1

Көмүргө

10 5000

 

2

Компьютердик класска стол үчүн

30 000

 

3

Танясы участкасындагы көпүрөнү оңдоо үчүн

25 000

 

4

А.Молдокеев мектебине суу насос алуу үчүн

17 000

 

5

 

 

 

6

Жыйынтыгы

177 000