Редакцияот 12.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги XXII сессиясынын

 

2022-жылдын 12-октябрындагы № 22-3

 

Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы чыгыш №4/1201 сандуу катын кароо жөнүндө

Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы чыгыш №4/1201 сандуу Ат-Башы райондук аскер комиссариатынындагы аскерге чакыруу пунктун (имаратын) жаңыртуу үчүн “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондуна кайрылып жаткандыгына байланыштуу колдоо сураган катын канааттандыруу максатында жана Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын кызматкери К.Моңолбаевдин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын аскерге чакыруу пунктун (имаратын) кайрадан куруу үчүн жардам берүү жагы “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондусуна жана башка тиешелүү фонддорго сунушталсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

К. Айдыралиев