АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII Чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2023-жылдын 17-мартындагы № III/I
“Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айыл аймагында жайыт пайдалануучулардын жайыт акысынын жана сугат суунун баасын (тарифин) бекитүү жөнүндө”
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган бааны (тарифти) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-14-пунктуна ылайык, угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII Чакырылышынын кезексиз II сессиясынын 2022-жылдын 6-июнундагы № II/ II Ача-Кайынды айыл аймагында каттуу тиричилик таштандыларды чыгаруунун жана таза-ичүүчү суунун баасын (тарифин) бекитүү жөнүндө” токтому күчүндө калтырылсын.
2. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 16-декабрындагы чыгыш №01-13/1782 сандуу катты жетекчиликке алып жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акы баасы (тарифи) бекитүү бодо мал башына(Уй,жылкы,топоз) 100 (жүз) сом, майда жандыкка (кой-эчки) 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин,жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүп ишке ашыруу жагы Ача-Кайынды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Үсөковго милдеттендирилсин.
3. Дыйкандар тарабынан сугат суу акысы 1га жерге 150 (жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовко милдеттендирилсин.
Төрайым : |
| Г.Асанова |