АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII Чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2023-жылдын 17-мартындагы № III/II
Ача-Кайынды айыл аймагын көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты сактоо боюнча эрежелеринин жобосун бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевдин “Ача-Кайыңды айыл аймагын көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты сактоо боюнча эрежелеринин” жобосу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан “Ача-Кайыңды айыл аймагын көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты сактоо боюнча эрежелеринин” жобосу бекитилсин
2. “Ача-Кайыңды айыл аймагын көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты сактоо боюнча эрежелеринин” жобосу Ача-Кайыңды айыл аймагында аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовко тапшырылсын.
Төрайым : |
| Г.Асанова |