Редакцияот 10.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин IX-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2023-жылдын 10-январындагы № VIII/2

 

Тоголок-Молдо айылдык аймагынынын территориясындагы

ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Кѳлмѳ» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын угуп, Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1. «Кѳлмѳ» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын

2. Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы:

1) «Кѳлмѳ» суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзсүн.

2) « Кѳлмѳ » суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.

З) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.

З. Ушул Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы № VIII/2 токтомун юстициянын Нарын облустук башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы: А.Үркүнчиевага милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин өндүрүш жана муниципалдык чарба тармагы (анын ичинен: айыл чарбасы, жер, агрардык реформа, мал чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, жайыт, өнөр-жай, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, байланыш, талаачылык, таза суу) боюнча жана финансы-экономика боюнча тармактык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Абдыласов

 

 

 

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин

2023-жылдын 10-январындагы

№VIII/2 токтомуна 1-тиркеме

 

Тоголок-Молдо айыл аймагындагы “Көлмө” СПАсынан каналдарды жана ички арыктарды курулмаларды, суу бөлгүч щиттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу ресстри

№

Ирригациялык курулманын аталышы

 

Курулманын материалдары

Курулманын мүнөздөмөлөрү

Техникалык абалы

1

Чоң-Алыш

Жер

Туурасы 3,0 метр

Узуну 5000 метр

Капиталдык оңдоо керек

2

Чоң-Арык

Жер

Туурасы 1,5метр

Узуну 4650 метр

Оңдоону талап кылат

3

Кара-Ой

Жер

Туурасы 1,5метр

Узуну 5850 метр

Оңдоону талап кылат

4

Кызыл-Эмгек

Жер

Туурасы 1,5 метр

Узуну 6400 метр

Оңдоону талап кылат

5

Көлмө

Жер

Туурасы 1,5 метр

Узуну 4730 метр

Оңдоону талап кылат

6

Бооарлбас

Жер

Туурасы 1,5метр

Узуну 3400 метр

Оңдоону талап кылат

7

Нарын арык

Жер

Туурасы 3,0метр

Узуну 7320 метр

Оңдоону талап кылат

8

Туюк-Булуң

Жер

Туурасы 3,0метр

Узуну 4400 метр

Оңдоону талап кылат

9

Айылдын ичиндеги ички арыктар

Жер

18000 метр

18 км

Оңдоону талап кылат

10

Тоголок-Молдо айыл аймагы боюнча муниципалдык менчикке өткөрүп алуучу ички арыктар

Жер

40 км

Оңдоону талап кылат

11

Суу бөлгүч щиттер

Темир, бетон

28 штук

Оңдоону талап кылат

12

Чоң-Алыш каналынын башындагы курулмалар (суу бөлгүч щит, лоток, отстойник)

Темир, бетон

1 штук

Оңдоону талап кылат

13

Лоток

 

6 метр

6 штук

Оңдоону талап кылат

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Абдыласов