Редакцияот 10.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин IX-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2023-жылдын 10-январындагы № VIII/3

 

Таза суу маселеси жөнүндө

 

“Бооралбас-Булак” ИСКАКБсынын жетекчиси С.Токталиевдин билдирүүсүн угуп, Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1. “Бооралбас-Булак” ИСКАКБсынын карамагындагы жабдыктарга таза суунун жетекчисинин макулдугусуз пайдаланган жана зыян келтирген айыл тургундарына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси” боюнча айып пулдар салынсын.

 

2. Айып пулдардын салынышы боюнча жана тургундарына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси” боюнча маалымат айыл тургундарына жеткирилип, маалымат такталарга илинсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы: Э.Сатаровго тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Абдыласов