ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин IX-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
2022-жылдын 21-ноябрындагы № VII/2
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Адис-Адилет” балдар бакчасынын ата-энелерден чогултулуучу атайын каражаттын суммасын жогорулатуу жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы “Адис-Адилет” бала бакчасынын жетекчиси: С.Султаналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кенешинин кезексиз VII-сессиясы токтом кылат:
1. “Адис-Адилет” балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде бир балага төлөм 620 (алты жүз жыйырма) сомго көтөрүлсүн.
2. 2022-жылга жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражатын пайдалануу үчүн 40000 (кырк миң) сом жана 2021-жылдан калган калдык 12000 (он эки) миң сом, жалпы: 52000 (элүү эки миң) сомго кошумча план ачып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ак-Талаа башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы: Э.Сатаровго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| Б.Абдыласов |