Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын

 

2024-жылынын 16-сентябры №1

 

“2018-жылдагы жасалган инвентаризациянын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө”

 

         Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы жергиликтүү мамлекеттик админитсрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө № 123 мыйзамынын талаптарына ылайык Момбеков айыл аймагындагы 2018-жылдагы жасалган инвентаризациянын жыйынтыгын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 29-сессиясы токтом кылат:

 

1.    2018-жылдагы жасалган инвентаризациянын жыйынтыгын бекитүү жөнүндөгү Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын башчысы Т Орозбек уулунун маалыматы эске алынсын.

 

2.    2018-жылы жасалган инвентаризациянын жыйынтыгын карап чыгып Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024- жыл 31-июлундагы № 183-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жанаукук коргоо боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

И.Абдразак уулу