Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын

 

2024-жылынын 16-сентябры №7

 

“Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”

 

         Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектүү 29 – сессиясы токтом кылат:

 

             1. Жер жерлерде өткөн жыйналыштардын протоколдорунун негизинде:

-          Таштак айылына тигүү цехин куруу;

-          Чек айылындагы эки даана скважинаны реконструкциялоо жана 4000 метр аралыка таза суу түтүгүн орнотуу;

-          Эски Кочкор-Ата айылына көпүрө куруу;

-          “Ак-Жол Момбеков” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын

техникасын алуу долбоорлору приоритеттүү деп табылсын.

 

             2. Жогорудагы приоритеттүү долбоорлорго өздүк салым катары 2025-жылдын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

            3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭ

бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.

 

             4. Жалал-Абад областык региондорду өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.

 

             5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

И.Абдразак уулу