Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын

 

2024-жылынын 16-сентябры №6

 

“Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”

 

          Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектүү 29 – сессиясы токтом кылат:

 

  1. Жер жерлерде өткөн жыйналыштардын протоколдорунун негизинде:

-        Момбеков айылындагы “Наристе” атындагы балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо;

-        Чек айылындагы Жоробаев атындагы көчөсүнүн 2040 метр аралыгына тратуар орнотуу;

-        Кыргоо участкасындагы Эгембердиев атындагы көчөсүнүн 2200 метр аралыгына тратуар жана латокторду орнотуу долбоорлору приоритеттүү деп табылсын.

 

  1. Жогорудагы приоритеттүү долбоорлорго өздүк салым катары 2025-жылдын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

  1. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.

 

  1. Дем берүүчү үлүштүк грантка долбоорлорду сунуштоо жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

И.Абдразак уулу