Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры № 49

Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, 2023-жылы Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17/1216 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

 

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   “Арча Бешик” балдар бакчасынын имаратынын кире беришин оңдоп-түзөө боюнча долбоорду Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен ишке ашыруу маселеси жөнүндө аталган туруктуу комиссиянын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

 2. Долбоордун жалпы наркы 4 822 222 сом болгондуктан, аны ишке ашырууга 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 482 222 сом (долбоордун наркынын 10 %) өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

 

 3. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

 

 4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.

 

 5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

 

 6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

 8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Т.Борбугулов