Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры № 50

Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бюджеттик Кодекске ылайык, 2024-жылы Токтогул шаарында үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери жөнүндө шаар мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17-1216 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, токтом кылат:

 

 1. Токтогул шаарынын Момункулов, Кенжетаев көчөлөрүнүн түндүк тарабына жөө адамдар басуучу жол ( тротуар) куруу боюнча долбоорду үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу жөнүндө жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

2. Долбоордун жалпы наркы 5 744,0 миң сом болгондуктан , аны ишке ашырууга 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2872,0 миң сом (долбоордун наркынын 50 %) өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

 

3. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

 

4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.

 

5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

 

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Т.Борбугулов