Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жылынын 19-апрели №1

 

“Момбеков айыл аймагынын административдик чек арасын тактап, карта схемасын бекитүү жөнүндө”

 

         Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын дэңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Момбеков айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Момбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Момбеков айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

  1. Момбеков айыл аймагы эски Кочкор –Ата менен чектешкен Кочкор-Ата токой чарбасынан 33,0 га, Тоскоол-Ата токой чарбасынан 142,0 га жер аянтын өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун бир нускасы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

И.Абдыразак уулу