Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жылынын 19-апрели №2

 

“Момбеков айыл аймагынындагы бала-бакчалардын кызматкерлеринин тамак-ашынын баасын бекитүү”

 

         Момбеков айыл аймагынындагы бала-бакчалардын кызматкерлеринин тамак ашынын баасын бекитүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 26-сессиясы токтом кылат:

 

1.      № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “ Бостон”, № 21 “Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе” балдар бакчаларынын жетекчилеринин билдирүүлөрү эске алынсын.

 

2.      № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “ Бостон”, № 21 “Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе” балдар бакчаларынын ай сайын төлөнүүчү ата-энелердин төлөмдөрүнүн азык-түлүктөргө болгон баасынын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрү 2024-жылдын сентябрь айынан 1000 сомдон 1200 сом өлчөмүнө чейин көтөрүлүп бекитилсин.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык меселелер бюонча туруктуу комиссиясына, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:

И.Абдыразак уулу