МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылынын 19-апрели №3
“Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Момбеков айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөнованын бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 9 ай ичиндеги үнөмдөлгөн акчалары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо чыгымдарына жана күтүүсуз чыгымдарга жумшалсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөновага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | И.Абдыразак уулу |