МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 12-апрели № 132
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2022-жылдын 1-январына карата калдык 6465,2 миң сом акча каражатын 2023-жылга карата бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 - 117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп счетундагы (2021-жылда үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн) 6465,2 миң сом акча каражатын, 2023-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын сметасын карап, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөттүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына канаататандыралык деп табылсын.
2. 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү жыл ичинде кошумча аткарылган кирешелердин жана үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен калган 6465,2 миң сом 2023-жылдын 1-январына карата калдык деп табылсын жана ал 2023-жыл ичинде төмөндөгү чыгымдарга ылайык жумшалсын:
а) айыл өкмөттүн Курманжан –Датка көчөсүнүн капиталдык ремонттоо үчүн – 6266,2 миң сом;
б) Өзгөчө кырдаалдарга – 100,0 миң сом;
в) Кызматтык автоунаанын ремонттоого - 30,0 миң сом;
г) Аппарат кызматкерлерге военный форма сатып алууга – 69,0 миң сом
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |