Редакцияот 17.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезектүү XXIV сессиясы

2023-жылдын 17-майы № 136

Бабыр айылынын тургундарынын атынан жазылган арыз жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бабыр айылынын Тегерек-Коргон участкасынын тургуну маркум Орозбаев Убайдулланын ысымын аты жок көчөгө ыйгаруу арызы канаттандырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрайым:

Г. Жороева.