Редакцияот 17.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз XXIV сессиясы

2023-жылдын 17-майы № 145

Мырза-Аке айылынын тургуну Турдукеев Шермахамат Сагындыковичге Мырза – Аке айылынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы,ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып, талыкпай эмгектенгендиги үчүн Турдукеев Шермахамат Сагындыковичге “Айылдын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым:

Г.Жороева.