Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № XVIII-4

Найман айыл өкмөтүнүн  Найман айылындагы «Найман» эки кабаттуу  балдар бакчасын үлүштүк дем  берүүчү гранттын эсебинен  ремонттоо  үчүн өздүк салым ажыратуу жөнүндө                                         .

         Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы “Найман” балдар бакчасын  үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ремонттоо  иштери алып барылсын.

2.Найман айылындагы “Найман” балдар бакчасын ремонттоо боюнча мамлекеттик  үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк  салым катары айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин калдык акчасынан 710 000 ( жети жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Акча каражатын бөлүп берүү  жагы  Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Найман айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  Ш.Сапаровага тапшырылсын.

Найман айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

 

Сатар у.А