Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-февралы № 136-28

                                         Субсидия бөлүп берүү жөнүндө

 

           “Аламүдүн-автотранс” муниципалдык ишканасынын директору А.С.Букуевдин жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары жана пенсионерлер үчүн жол кире акысына жергиликтүү бюджеттен субсидия бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктун, 51-беренесин жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. № 1 ЖББОМнын, № 2 ЖББОМнын администрациялары тарабынан берилген окуучулардын жана № 71 автобустук каттам менен пайдаланган айыл аймагынын пенсионерлеринин тизмесине ылайык тиркелген жол кире акысын төлөө эсебинин негизинде айына жергиликтүү бюджеттен 470 540,00 (төрт жүз жетимиш миң беш жүз кырк) сом өлчөмүндө субсидия бөлүп берилсин.

2.Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.          

3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция   башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.  

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аламүдүн айыл өкмөт  башчысына жана АК бюджет маселелери боюнча туруктуу

 комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

А.П. Филимоненко