МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2023-жылдын 17-майы № 147
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын алты айына коюлган киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын кезексиз XXIV сессиясынын отуруму күн тартибинде киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республиксынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше бөлүгүндөгү төмөнкү кирешелердин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн суммаларга ылайык кошумча план киргизилсин:
- Киреше салыгы (11111100 беренеси ) 2285,6 миң сом ;
- Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым (14224200 беренеси ) 750,0 миң сом ;
- Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы (11211200беренеси) 150,0 миң сом:
- Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы
(14232400 беренеси ) -579,6 миң сом ;
2. Кошумча алынган кирешелердин эсебинен төмөндөгү чыгымдарга сарпталсын :
- “Мырза-Аке Тазалык” МИ нын 2023-жылга карата түзүлгөн чыгашалардын сметасына ылайык -2398,8 миң сом акча каражаты ишкананын банктык эсеп счетуна которулуп берилсин.
- “Келечек” балдар бакчасына чарбалык буюмдарды сатып алуу үчүн 100,0 миң сом, инвентарларды сатып алууга 100,0 миң сом, учурдагы ремонттор үчүн 100,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
- “Данияр Нур” балдар бакчасына музыкалык аспаптарды сатып алууга 100,0 миң сом.
- А.Тажибаев спорт компелекстин бөлмөлөрүн ремонтто үчүн 105,0 миң сом.
- К.Раимбеков мектеп гимназиянын класстык бөлмөсүн ремонтто үчүн 131,8 миң сом.
- Аппарат бөлүмүнө түрдүү чыгымдар беренесине (22154900) -15,0 миң сом;
- Бала бакча бөлүмүнө 135,0 миң сом
- Айыл өкмөттүн балдар бакчаларына тамак аш азык түлүктөрүн сатып алууга ( ата-эенелер төлөмүнүн эсебинен) 579,6 миң сом.
3. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы « финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |