КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 14-сессиясынын
2023-жылдын 09-мартындагы № 14/3
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кайырма каналынын башкы
суу алуучу курулмасын жана 10км узундуктагы каналын
Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кемеге-Кайырма, Көк-Колот, Тай-Сарай участкаларындагы дыйкандардын 06.03.2023-жылдагы чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
2. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кайырма каналынын башкы суу алуучу курулмасы жана 10(он) км узундуктагы каналы Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Б.Кемелов |