КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясынын
2023-жылдын 20-апрелиндеги № 15/1
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика негиздери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 15- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин ЖКХнын 2214-беренесинен-54,5сом, 2215-беренесинен-165,5сом, 3111-беренесинен-271,5сом, жалпы-491,5сом төмөндөгүдөй максатта пайдаланылсын:
ЖКХ
Аталышы | берене | баары |
Чарбалык максаттагы чыгымдар (гараж үчүн) | 2222 | 10,0 |
Таза суу үчүн керектелүүчү материал | 3111 | 54,5 |
| баары | 64,5 |
Клуб
Аталышы | берене | баары |
Түрткү берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн | 3111 | 45,5 |
| баары | 45,5 |
Мектеп
Аталышы | берене | баары |
Подвалды спорт зал үчүн ремонттоо | 2221 | 100,0 |
Чарбалык максаттагы чыгымдарга | 2222 | 100,0 |
Спорттук шаймандарды сатып алууга (мат) | 3112 | 181,5 |
| баары | 381,5 |
БААРЫ | 491,5 |
Айылдык кеңештин төрагасы | Б.И.Кемелов |