АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-апрели № 149-28
Аламүдүн айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Колбаевдин 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 12 Аламүдүн айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө катын угуп жана талкуулап, ошондой эле 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3, 4-пунктарына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын тургундары үчүн жеке турак жай курууга (ЖТК) жаңыдан берилген жер участогунун аянтынын өлчөмү - 0,05 га болуп бекитилсин.
2. Мурда бөлүнүп берилген жер мунапысы колдонулууга тийиш болгон жер участокторунун аянтынын өлчөмү укук белгилөөчү документтерге ылайык өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко
|