Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги жетинчи сессиясынын жыйыны

 

2024-жылдын 16-сентябры №7/1

 

2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен Кара-Кочкор айыл маймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүшүн абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине негиз Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Раджапова Гүлназдын отчетун угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Раджапова Гүлназдын 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндөгү   отчету  канааттандырарлык деп табылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.

 

 

Төрөга:

М. Нажимидинов