КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-августу № 22
Кара-Балта шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 140 буйругу менен бекитилген республикалык бюджеттин каражаттарынан (максаттуу трансферт 1.0 млрд. сом) каржылануучу долбоорлорду милдеттүү түрдө ишке ашыруу зарылдыгына байланыштуу, Кара – Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-июлундагы № 01-5/957 катынын негизинде, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессииясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 19-апрель айындагы №11 токтому менен бекитилген Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылга карата программасын ишке ашыруу боюнча төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Бөлүм 1., бөлүмчө 1.1. "Билим берүү", алып салынсын:
- 1п., 2п.п. – № 7 орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү.
№7 орто мектеби (дареги: Кара-Балта ш., Космонавттар көч., №5) жер титирөөгө туруктуу курулуш жана долбоорлоо мамлекеттик институтунун техникалык корутундусунун 26.04.2024-ж жыйынтыгынын негизинде авариялык абалда деп таанылгандыгына байланыштуу.
- 4 п.п. – № 4 орто мектепти “ЭТВ” жылуулук менен камсыздоо системасына туташтыруу - №4 орто мектептин жылуулук системасын оңдоого алмаштырылсын.
- 2 п. 2 п.п. – "Манас ”СК аймагында воркаут аянтчасына резина сатып алуу жана орнотуу" алып салынсын.
Бөлүм 1., бөлүмчө 1.2 "Саламаттык сактоо", алып салынсын:
1п., 1п.п. – "Интенсивдүү терапия бөлүмү бар көп тармактуу оорукананын курулушу";
1п., 2п.п. – Чуркоо марафонун өткөрүү.
2п., 1п. – "Эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө душ кабиналарын оңдоо”.
Бөлүм 1, бөлүмчө 1.3 “Спорт, дене тпрбия, маданият, эс алуу жанан элдик чыгармачылык”:
1п., 2п.п. – Ленин атындагы маданият үйүнүн чыгыш тарабынан автоматтык сугаруу системасына которуу.
1п., 3п. – "Манас"СК аймагында воркаут аянтчасын сатып алуу жана орнотуу алып салынсын.
1п., 4п. – “Спорттук курулуштарды реконструкциялоо” республикалык бүджеттин каражаттарынан каржылануучу долбоордон (максаттуу трансферт) кайталоого байланыштуу алып салынсын.
Бөлүм 2., бөлүмчө 2.2 “Туризмди өнүктүрүү”, алып салынсын:
1 п., 1п.п – "Кара-Балта шаарынын туристтик брендинин маркетингин жүргүзүү".
1п. 3 п.п. – Боордош шаарлардан туристтерди тартуу жана туризм тармагында кызматташуу".
Бөлүм 3. Мэрияда, түзүмдүк бөлүмдөрдө жана муниципалдык ишканаларда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, таза суу менен камсыз кылуу, коммуналдык чарбаны жакшыртуу жана санариптештирүүнү өнүктүрүү " деген 3-бөлүм алып салынсын:
1п., 1п.п. – Ленин атындагы маданият үйүнүн чыгыш тарабынан автоматтык сугаруу системасына которуу жокко чыгарсын (кайталоо).
3п. "шаардык рекреацияларды реконструкциялоо";
3.6 бөлүмчөсү “Экология коопсуздукту камсыз кылуу”, алып салынсын:
1п. – “Кара-Балта шаарынын мэриясына КГРКдан 21га таштанды таштоочу жайга жер укугун берүүнү аяктоо”.
3п. – “Эски эшик-терезелерди муниципалдык имараттардагы заманбап изоляцияланган стекловолокно сериялары менен алмаштыруу”.
Бөлүм 4, бөлүмчө 4.3 “Тышкы өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү”, алып салынсын:
1п., 2п.п. – Дуалдык билим берүүнү илгерилетүү үчүн кесиптик-техникалык билим берүү жана бизнес-коомчулук менен кызматташтыкты түзүү.
Жалпысынан, объективдүү себептерден 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планынан 13 пункт алынып салынышы, 1 пунк алмаштырылуусу зарыл.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылга карата Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы аткарылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара – Балта шаарынын мэри-М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |
Кара-Балта шаардын кеңешинин
2024-жылдын _________________токтомуна
Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча
республикалык бюджеттен 1000,0 млн. сом. максаттуу трансферттерин эске алуу менен Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылга иш-чара планы.