Редакцияот 30.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2024-жылынын 30-майы №4

 

«Шаардык мэриянын 12.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрүн көтөрүп, бекитип берүү тууралуу” №01-14/1070 кайрылуу каты жөнүндө» .

 

         Шаардык мэриянын 12.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрүн көтөрүп, бекитип берүү тууралуу” №01-14/1070 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсүн жана депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.      Шаардык мэриянын 12.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрүн көтөрүп, бекитип берүү тууралуу” №01-14/1070 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү  эске  алынсын.

2.      Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 12-беренесинин негизинде, Таш-Көмүр шаарында муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрдүн тарифи 1 м2 үчүн х 2 сом 48 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.

3.      Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

4.      Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.

 

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев