МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 7-августу № 163
Мырза-Аке айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 Жергиликтүү жамааттарынын Уставы жөнүндөгүбуйругуна Мырза-Аке айылдык кеңешинин XXV сессиясынын күн тартибинде маселе катары каралып, талкуулап мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттарынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген уставды аткаруу жана элге маалымат жайылтуу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мырза-Аке айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Жороева |