Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

от 23 августу  2024 года № 23

Кара-Балташаарынын мэриясынын 2024-жылдын июнь айынан тартып контракттык негизде кошумча штаттык бирдиктерди

бекитүү жөнүндө

 

Кара-Балта шаарынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө,  максаттарына, спецификасына жана калктын санына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024- жылдын 7-февраль айындагы №52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин экономист-статистике карата  2024-жылдын 29-апрель айындагы № №20-3632 сандуу катын жана Кара – Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 01-5/1055катынжетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппаратынын негизги штаттык бирдиктеринен тышкары төмөнкүдөй 5 (беш) кошумча жумушчу контракт негизинде  жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин:

-коомдук тартипти чыңдоо маселелери боюнча- 2 бирдик;

-жалпы жана уюштуруу маселелери боюнча -1 бирдик;

-социалдык маселелер, коопсуздук жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча- 1бирдик;

- юрист- 1 бирдик.

2.            Республикалык бюджеттин эсебинен каралган экономист-статистик 1 (бир) бирдикти контракт негизинде, ай сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 (он миң) сом   кошумча айлык төлөмү бекитилсин.

3.            Бул токтом Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4.            Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай - коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн. 

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына.

 

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев