ОШ ОБЛУСУ
ӨЗГӨН РАЙОНУ
Мырза-Аке АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Мырза-Аке АЙЫЛЫ
КҮЧТҮҮ ЭЛЕТ-КУБАТТУУ
МАМЛЕКЕТ
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2023-2026 ЖЫЛДАРГА
КАРАТА СОЦИАЛДЫК- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ
ПРОГРАММАСЫ
| Мырза-Аке айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын VII -чакырылыштын XXVсессиясынын № 164 токтому менен бекитилген |
Мырза-Аке айылы 2023 жыл.
Мазмуну
КИРИШҮҮ
1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар
2. Мырза-Аке айыл аймагы тууралуу кыскача маалымат
3. Учурдагы кырдаалды талдоо боюнча анализ:
4. Программанын максаты
5. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары (чакан программалар).
Мырза-Аке айыл аймагынын 2023-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу планы
Мырза-Аке айыл аймагынын 2023-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бюджети
Киришүү
Урматтуу Мырза-Аке айыл аймагынын тургундары!
Мырза- Аке айыл аймагыбыздагы айылдарыбыздын өнүгүп-өсүшү үчүн ар бир жашоочубуздун салымы болушу керек. Өсүп келе жаткан жаштарга үлгү көргөзүү ар бирибиздин милдетибиз. Келечекте айылыбыз ар тараптуу өнүгүп алдыңкы орундуктарга чыгышына болгон аракетибизди жумшашыбыз керек.
“Күчтүү элет-кубаттуу мамлекет” демекчи социалдык-экономикалык жактан өнүгүү болуш үчүн ишкерлерди колдоо, жумуш орундарын түзүү, инфрастурктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана ишке ашыруу, илим-билимге басым жасоо, калктын бардык катмарын, анын ичинде аялдардын, жаштардын эрте жаш курактагы балдардын өнүгүүсүнө жана тарбиялануусуна көңүл буруу, спорт, маданият, ден-соолук ж.б. көп тармактуу иштерди алдыга жылдыруу болуп саналат.
Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы - айыл аймактын өнүгүүсүнүн аныктаган жумушчу документи болуп саналат. Себеби ал өзүнө айыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди, алардын ар тараптуулугун жана өнүгүүнүн жаңы кадамдарын өзүнө камтыйт. Мырза-Аке айыл аймагынын өнүгүү программасы - айыл аймактын тургундарынын бардык катмарынын кызыкчылыктарын, жашоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган, коомчулуктун бардык чөйрөлөрүн, ири инвесторлорду, сырттан келген долбоорлорду, бизнес адамдарын ж.б. көңүлүн бура алган, жалпы элге түшүнүктүү, так жана маңыздуу болгон көп жылдык документ.
Бул программа Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ Мырза-Аке айыл аймагынын калкынын гендердик аспектерин эске алуу менен социалдык топторунун муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын аныктоо менен айыл аймактын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын иштеп чыкты.
Жумушчу топтун курамы:
№ | А.А.А. | Ээлеген кызматы |
1. | М.Бусуев - жумушчу топтун төрагасы | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
2. | А.Сатыбалдиева - жумушчу топтун катчысы | Жооптуу катчы |
3. | А.Туташева - жумушчу топтун мүчөсү | Айылдык Кенештин депутаты |
4. | Н.Деңизбаева-жумушчу топтун мүчөсү | Айылдык Кенештин депутаты |
5. | Р.Токторбаев - жумушчу топтун мүчөсү | “Тазалык” ишканасынын жетекчиси |
6. | Н.Касымова - жумушчу топтун мүчөсү | Аскердик эсепке алуу столунун инспектору |
7. | А.Калмырзаев - жумушчу топтун мүчөсү | Аксакалдар Кеңешинин төрагасы |
Социалдык жана гендердик аспекттер эске алынды жана жумушчу топтун курамына төмөнкү өкүлдөр кирди; айылдык кенешинин депутаттары - 2, коомчулуктун, жаштардын атынан - 1, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери - 3, аксакалдар – 1
1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар
Мырза-Аке айыл өкмөтү, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын (мындан ары – СЭӨП) иштеп чыгууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин, жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитээри белгиленген. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБО жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык (34, 51 беренелери) ЖӨБ аткаруучу органы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун иштеп чыгат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин анын аткарылышын камсыз кылат. КР Бюджеттик Кодексинин Жоболоруна ылайык, ЖӨБО тарабынан белгилүү бир милдетти каржылоонун негизи болуп, ошол аймактын СЭӨП эсептелет. Аймактын СЭӨП иштеп чыгуунун укуктук негиздерин төмөндөгүлөр түзөт:
1. КР Конституциясы;
2. КР Бюджеттик Кодекси;
3. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБО” жөнүндө Мыйзамы;
4. КР финансы министрлигинин 2018-жыдын 17-апрелиндеги № 44 буйругу;
5. Жергиликтүү жамааттын Уставы;
6. Экономика министрлигинин № 63-А буйругу менен бекитилген Колдонмо.
Мырза-Аке айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы – Мырза-Аке айылдык кеңешинин жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бекитилген милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашырууга багытталган, аткаруучулар жана ресурстар боюнча өз ара байланышкан, пландалган иш-чаралардын комплексин камтыган жана тиешелүү тармактарда приоритеттүү максаттарга жетүү үчүн өнүгүүнүн багытын, мүмкүнчүлүктөрүн, артыкчылыктарын, көйгөйлүү зоналарын камтыган документ.