Редакцияот 07.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын XXV кезексиз сессиясы

2023-жылдын 7-августу № 165

“Мырза-Аке Тазалык” ишканасына Мырза-Аке айыл өкмөтүн тарабынан ит атууга каралган каражатты бөлүп берүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Мырза-Аке Тазалык” ишканасына , Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан жолбун иттерди атуу үчүн каралган 50 000( Элүү миң ) сом каражатты бөлүп берүүнү сураган “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын директору Р.Токторбаевдин арызы канааттандырылсын.

 

1. Жолбун иттерди атуу ишин алып барууда “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын мыйзам чегинде каражатты чыгымдоосун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевге милдеттендирилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы « финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева