МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 7-августу №168
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө 2023-жылдын 3-кварталына өзгөртүү киргизүү жана Республикалык бюджеттен келген 225,6 миң сомду сарптоо жөнүндө
Мырза-аке айылдык кеңешинин (VIIчакырлышынын) депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясыныны отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюжеттик Кодексинин 109-беренелерине жана “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 9 айына карата киреше бөлүгүндөгү бала бакча бөлүмүнө мектепке чейинки тарбиялануучулардын ата энелер төлөмүнөн кошумча 1276,8 план киргизилсин жана кошумча алынган пландын эсебинен бала бакчалардагы тарбиялануучуларга тамак аш үчүн азык түлүк сатып алууларга сарпталсын.
2. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө айыл өкмөттүн административдик имараттын ремонттоого каралган 420,0 миң сомдун 200,0 миң сому түрдүү чыгымдар беренесине жылдырылсын.
3. Республикалык бюджеттен келген 225,6 миң сом акча каражат , айыл өкмөттүн карамагындагы орто мектептерди 2023-2024-жылдарга от жагуу мезгилине даярдоо максатында көмүр сатып алууга жумшалсын.
4. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
5. Токтомундун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финансы , экономика,бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |