Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги X сессиясынын

 

2023-жылдын 27-январындагы № 3

 

“Көчөгө ат коюу жөнүндө”

 

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Карамарт айылындагы “Сухошел” участкасылдагы аты жок көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Аттокуров Токтоштун атын ыйгаруу жөнүндөгү Карамарт айылынын, “Сухошел” участкасынын тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколунун жана айылдык Кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын четимине таянып Кыз-Көл айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сухошел участкасындагы аты жок көчөгө эмгектин ардагери,маркум Аттокуров Токтоштун аты ыйгарылсын.

 

2. Көчөнүн аталышын билдирген атайын көрсөтмөнү орнотуу,катар номерлерин жасатып илүү жагы Аттокуров Токтоштун балдарына милдеттендирилсин.

 

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кыз-Көл айыл окмөтүнүн башчысы Т.Бобошевко жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

К.Т.Кушбаков