Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги XXVI сессиясы

2023-жылдын 29-сентябры №172

Республикалык бюджеттен келген 418,9 миң сомду сарптоо жөнүндө

Мырза-аке айылдык кеңешинин (VIIчакырлышынын) депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясыныны отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюжеттик Кодексинин 109-беренелерине жана “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Республикалык бюджеттен келген 418,9 миң сом акча каражат айыл өкмөткө караштуу социалдык мекемелерди 2023-2024-жылдарга от жагуу мезгилине жылуулук менен камсыздоо максатында 226,2 миң сом айыл өкмөттө жаңы калктуу конушка берилип жаткан (транформациялынып) жерлерди генералдык планын чийүү үчүн 192,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым:

Г. Жороева