МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги XXVI сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры №173
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-аке айылдык кеңешинин (VIIчакырлышынын) депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясыныны отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюжеттик Кодексинин 109-беренелерине жана “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү төмөнкү беренелерине көрсөтүлгөн суммаларына ылайык кошумча план киргизилсин:
- киреше салыгынан -2300,0 миң сом ;
- Роялти салыгынан – 1500,0 миң сом;
- Таштанды чыгаруу жыйымынан – 1450,0 миң сом ;
- патенттин негизинде салыгынан – 100,0 миң сом;
- бала бакчалардагы тарбиялануучулардын ата энелер төлөмүнөн - 428,0 миң сом .
2. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү маданият бөлүмүндөгү спортту өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражатынан, маданият кызматкерлеринин айлык маянасына 18,1 миң сом , соц төлөмүнө 3,1 миң сом , аппарат бөлүмүнөн 2215( түрдүү чыгымдар) беренесинен курулуш имараттарды куруу үчүн проектик документация жасатууга 3111(курулуш жана имараттар) беренесине 15,0 миң сом, айылдык кеңеш бөлүмүндөгү 2215 (түрдүү чыгымдар) беренесинен 50,0 миң сом , айыл чарба бөлүмүндөгү жаш көчөттөрдү сатып алууга бөлүнгөн 50,0 миң сом акча каражаты комуналдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн 2215( түрдүү чгымдар ) беренесине жылдырылсын.
3. Кошумча алынган пландын эсебинен, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү,1-тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
4. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |
1-тиркеме
Айылдык кеңешинин төрайымы :- _________________ Г.Жороева |
Мырза-Аке айылдык кеңештин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 173-токтомуна
тиркеме.
№п/п | Чыгымдардын аталышы | Сумма |
1 | Айыл өкмөттөгү жаңы калктуу конушка берилип жаткан (транформация) жерлерди ген планга киргизип карта доядоого | 113,3 |
2 | Калпак участкага ВЛ 10-04 кВт и КТП 160КВА курулуш иштерин жасоого (өздүк салым төлөө максатында) | 378,1 |
3 | Санта Эне бала бакчасына жылытуу системасын жасатууга | 400,00 |
4 | Курманжан Датка көчөсүн асфальтоого | 4123,9 |
5 | Адыр мектебинин класстык бөлмөсүн ремонттоого | 171,9 |
6 | Бала бакчалардагы тарбиялануучуларга тамак ашы үчүн азык түлүктөрдү | 15,00 |
7 | Сыртан окутуу бөлүмүнө окуу жабдыктарын кураштыруу үчүн материалдарды сатып алууга | 35,00 |
8 | Айыл өкмөттүн кеңсесине мебель жана компьютер ( ноутбук) сатып алууга | 12,8 |
9 | Бала бакчалардагы тарбиялануучуларга тамак ашы үчүн азык түлүктөрдү сатып алууга (ата энелер төлөмүнүн эсебинен0 | 428,0 |
10 | Айыл өкмөттүн “ Канат менен Зарина” аттуу китепканасына жаңы китептерди жана китеп коюучу текчелерди сатып алуу | 100,0 |
| Жыйынтыгы | 5778,0 |
ФЭБ башчысы | М. Макешов |