Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу №9

 

«Шаардык мэриянын 26.08.2024-жылдагы «Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон калькуляцияны бекитип берүү тууралуу” № 01-14/2525 кайрылуу каты жөнүндө».

 

 

         Шаардык мэриянын 26.08.2024-жылдагы «Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон калькуляцияны бекитип берүү тууралуу” № 01-14/2525 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 29– cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Шаардык мэриянын 26.08.2024-жылдагы «Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон калькуляцияны бекитип берүү тууралуу” № 01-14/2525 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин   маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске  алынсын.

 

  1. Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиялануучулардын тамак-ашын каржылоо үчүн ата-энелердин төлөмдөрү 1 (бир) балага 1 (бир) айга х 1460 (бир мин төрт жүз алтымыш) сом өлчөмүндө көбөйтүлүп бекитилсин.

 

  1. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.

 

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев