КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2023-жылдын 05-июлундагы № 4
Кара-Суу айыл аймагындагы Бечел-Аюу суу насосун Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө
Бечел-Аюу суу насосун Аксы районунун суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча айыл өкмөт башчы Курсантбек Шеремановичтин кайрылуусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган Бечел-Аюу суу насосу Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Суу насосун Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтому Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңештин айыл-чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| У. Жунусалиев |