Редакцияот 05.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2023-жылдын 05-июлундагы № 3

 

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча турктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнугүүсүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Жүзүмжан айылынын тургуну, маркум Наркулов Абдырайымга Кара-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын

 

2. Аталган токтому Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Базарчиевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

У. Жунусалиев