Редакцияот 05.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2023-жылдын 05-июлундагы № 2

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун кайрылуусун карап, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомун ишке ашыруу максатында Кара-Суу айыл аймагындагы суу фондусунда жайгашкан турак жайлар Кара-Суу дарыясынан бийиктиги 3 метр, аралыгы 15 метр болгон турак жайларга тиешелүү комиссия тарабынан корутунду берүү жагы сунушталсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна ылайык Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан атуулдарга райондук комиссия тарабынан чектердин тизмеги жана тизмесине ылайык, жер мунапысынын обьектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын бекитүү боюнча мунапыс жүргүзүүгө райондук комиссия каршы эместигин билдиргендиктен, ар бир мунапыс обьектилерине кайракы жер-0,15 га ал эми суулуу жер-0,10га бекитилип берилсин.

 

3. Аталган токтому Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

4. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана айыл-чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

У. Жунусалиев