КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2023-жылдын 05-июлундагы № 1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Алымкуловдун күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча корутундусун жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун бюджеттин киреше бөлүгү боюнча берген маалыматын угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык агентигинин төлөөчү киреше салыгынын планы 500,0 мин сомго, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы салыгына 500,0 мин сомго, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөөлөр салыгынын планына 200,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы:
2. 70629–Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр мекемелеринин чыгымдары бөлүгүнүн 22211200-беренесине Кезарт айылынын ички жолдорун шагал төшөп ондоого 400,0 мин сом,
3. 70921-бөлүктүн 22154900-беренесине билим берүү мекемелеринин муниципалдык менчиктеги имараттарын милдеттүү камсыздандырууга 90,0 мин сом.
4. 70111-бөлүктүн 22154900-беренесине мамлекеттик, саясий ишмер Матен Сыдыковдун 100 жылдык юбилейине карата иш чара өткөрүүгө 50,0 мин сом.
5. 70911-бөлүктүн 22221200-беренесине “Элнуру” бала бакчасына таза суу чыгаруу үчүн курулуш материалдарды алууга 47,5 мин сом.
6. 70629-бөлүктүн 22221200-беренесине Токой айылына таза суу түтүктөрүн тартуу үчүн курулуш материалдарын алууга 100,0 мин сом.
7. 70629-бөлүктүн 22221200-беренесине Топ-Жангак айылынын “Ооганбек” атындагы көпүрөсүнүн ремонтуна курулуш материалдарды алууга 50,0 мин сом.
8. 70629-бөлүктүн 22211200-беренесине Чолок-Терек дамбасынан чыккан сууга латок тибинде бетондоп сайды ондоого 130,0 мин сом.
9. 70629-бөлүктүн 22154900-беренесине Улуу-Чат участкасындагы трансформатордун ремонтуна 20,0 мин сом.
10. 70629-бөлүктүн 22221200-беренесине Чат айылынын сугат суу арыктарынын сел баскан жерлерине асбостоцементовая трубаларды алууга 60,0 мин сом.
11. 70111-бөлүктүн 22221200-беренесине кенсе товарлары үчүн 20,0 мин сом.
12. 70111-бөлүктүн 21111100-беренесине Жүзүм-Жан айылына жаны шайланган айыл башчы менен мурдагы айыл башчынын эмгек акысынын айырмасы 34,1 мин сом.
13. 70111-бөлүктүн 21111100-беренесине айылдык кенештин төрагасынын сессия өткөрүү күндөрүнүн эмгек акысына 15,0 мин сом.
14. 70429-бөлүктүн 22154900-беренесине жайыт жерлеринин пайдалануу үчүн төлөөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү 133,4 мин сом.
15. 70111-бөлүктүн 21111100-беренесине ар түрдүү чыгымдар үчүн 50,0 мин сом акча каражаттары III кварталдын планына коюлуп берилсин .
16. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: |
| У. Жунусалиев |