МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын XXVII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 177
Дем берүүчү грантка долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдын суммасына макулдук берүү жөнүндө
Мырза-аке айылдык кеңеши, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-ноябрындагы 5 сандуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Мырза-Аке айылынын тургундарынын суроо талаптарын канаттандыруу максатында Мырза-Аке айылынын М.Нурбаев көчөсүндөгү Мырза-Аке айылдык маданият үйүн дем берүүчү грантка өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүч катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-берененин негизинде Мырза –Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылынын М.Нурбаев көчөсүндөгү Мырза-Аке айылдык маданият үйүн дем берүүчү грантка өздүк салым катары 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттен 3 478,5 (үч млн төрт жүз жетимиш сегиз миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчы Д. Батаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Жороева |