МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын XXVII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 182
Бабыр айылынын тургуну А.Келдибековдун атасы маркум Келдибеков Каримбектин ысымын жаңы көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык,, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бабыр айылынын тургуну А.Келдибековдун атасы маркум Келдибеков Каримбектин ысымын жаңы көчөгө ыйгаруу арызы канаттандырылсын.
2. Бабыр айылындагы жаңы көчө Келдибеков Каримбек көчөсү деп аталсын .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым: | Г. Жороева. |