Редакцияот 21.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 21-июну № 37

Миң-Булак айыл аймагында чөп, катуу отун сатууга ылайыктуу жер аныктоо жөнүндө

 

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Миң-Булак айыл аймагында чөп, катуу отун сатууга ылайыктуу жер аныктоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде

Айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө макулдук берилсин:

–       Садовое айылынын №717 контурундагы 0,12 га жер участогунда чөп, катуу отун сатуу үчүн уюштурууга.

2. Миң-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уушул жер участогуна керектүү иш кагаздарын даярдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.К.Саркулов