Редакцияот 19.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын

 

2023-жылдын 19-июнундагы № 409

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда Курбан айт майрамына карата өткөрүлүүчү иш чараларга каражат карап берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда Курбан айт майрамына карата өткөрүлүүчү иш чараларга акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда Курбан айт майрамына карата өткөрүлүүчү иш чараларга 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 

Терек–Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.